ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылгандардын ишин кароодо жана алар төлөгөн айып пулдарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь райондук сотунун айрым кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа башкарганы үчүн кармалып, айып пул төлөгөндөрдүн акчасын өзүнө өткөрүп алуу фактысы аныкталган. Тергөөдө Бишкектин Октябрь райондук сотунда кээ бир соттук отурумдар өткөрүлбөй, бирок өкүм чыгып турганы белгилүү болгон. Ошондой эле 1395 административдик материалдар жок кылынганы аныкталган.
Мындан сырткары ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым кызматкерлери соттун чечими чыкканга чейин эле айдоочуларга унааларын кайтарып беришкени аныкталган.
УКМК алдын ала эсептөөлөр боюнча райондук соттун айрым кызматкерлеринин анын ичинде соттун жардамчысы Д.Алмас уулунун мыйзамсыз ишинен улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин билдиришти. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттун жардамчысы тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды.