Кичинекей баласы бар болгону үчүн кошуналарынан жаңжал чыгарбоону суранган атаны кошунасы бычак сайып өлтүргөн деп шектелүүдө

Сокулукта кичинекей баласы бар болгону үчүн кошуналарынан жаңжал чыгарбоону суранган атаны кошунасы бычак сайып өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 11-декабрда болгон. Милицияга кечки саат 18:25тер чамасында Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринде тургундун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Көкүрөк тушуна жана ичине сайылган бычактан жаракат алып каза болгон адам 28 жаштагы Б.Т. аттуу Новопавловка айылынын жашоочусу экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 34 жаштагы И.У. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мас абалында аялы менен уруш чыгарган. Кошуналарына жаңжал угулуп тургандыктан, алар ымыркайы кичинекей экенин айтып, урушпоого чакырган. Шектүү кошунасы менен да уруша кетип, аны сыртка чакырган. Маркум эшикти ачар замат аны шектүү бычактап салган. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына камакка алынды.

Сокулукта кошунасын тынчтандырууну каалаган атаны бычактап салышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
deva
2018-12-12 10:40:48
Арак деген балээ болду.өткөндө маршруттук таксиде үйгө жеткенче аялы менен күйөөсү разборкага кылып барышты. Күйөөсү бир аз серп этип алган окшойт, аялы "сука, мен сенден сурандым го ичпе деп, ичпесең өлөсүңбү" дептүрткүлөп, ананн бышактап ыйлап да алды. Арактын эмне кереги бар дейм да
+8
asanaliev.s
2018-12-12 11:20:20
Турмодо чирип олгун
+10
asdef
2018-12-12 12:08:51
Акмак
+6
Karaan
2018-12-12 13:42:06
Неге супер инфо суротун бекитип чыгарасынар? Башка СМИ ачык эле суротун жарыялайт го!
+4
admin_superstan
2018-12-12 14:24:03
Karaan, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-7
talaa11
2018-12-13 02:42:58
Супер инфо кылмышкерди эмнеге жашырасынар ачык эле корсотпойсунорбу
+8
Targarien
2018-12-13 03:33:50
Ичкен айбандарды не кылса болот
+3
saza20
2018-12-13 08:42:03
Targarien, Ошо эл да билбейт
+1
admin_superstan
2018-12-13 15:06:48
Nurkyz1977, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан