"Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүн таракан басып кеткен. Саламаттыкты сактоо мекемесиндеги көрүнүш дал ушундай". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Кызыл-Кыя шаардык төрөтканасында дубалдын боорунда, ашканада таракан жыбырап жайылып жүрөт. Бул жерде көз жарган энелер балдарынын кулак мурдуна кирип кетеби деп кооптонуп турушат. Ашканадан тамактанууга табитибиз тартпайт, жийиркеничтүү. Саламаттыкты сактоо мекемесинде ушундай тазалык сакталбагандан кийин башка жерди айтпай эле коёлу", - дейт окурман.
Кошумчалай кетсек, "ЭЛДИК КАБАРГА" төрөтканаларды таракан каптаганы тууралуу билдирүү буга чейин да бир нече ирет келген. Маселен октябрь айындагы "ЭЛДИК КАБАРДЫН" жеңүүчүсү дагы ушул таракан маселесин көтөрүп чыккан. Ал окуя дагы Баткендеги облустук ооруканада болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.