Токтогул районундагы Торкен айылынын маданият үйү өрттөнүп кетти. Өрттүн кесепетинен 11 миң 700 китеп толугу күйүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 12-декабрга караган түнү саат 01:44 чамасында Торкен айыл аймагындагы Пахтахун көчөсүндө жайгашкан айылдык маданият үйүндө чыккан.
"Өрт кырсыгы чыккан жерге 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 455 чарчы метр аянт күйүп кетти. Маданият үйү 1948-жылы курулуп, дубалы кыштан, чатыры жыгач конструкциялардан тургузулган, 1 бөлмөсү китепкана (11 миң 700 даана китеп болгон) катары колдонулган, ичиндеги мүлктөрү толугу менен күйүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда ӨКМнын кызматкерлери тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.