Бишкекте жылуулук өтүүчү кудуктун ичине түшүп кеткен адам куткарылды

Бишкекте жылуулук өтүүчү кудуктун ичине түшүп кеткен адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-декабрда саат 11:08 чамасында борбордогу 6-кичи районундагы №14-көп кабаттуу үйдүн жанындагы жылуулук өтүүчү кудуктун ичине эркек киши түшүп кеткен.

"Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, жабыркаган жаранды кудуктан алып чыгып "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан