Кара-Сууда каналдан өлүгү табылган келиндин күйөөсү менен кайненесине психологиялык экспертиза дайындалды

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы боюнча анын күйөөсүнө жана кайненесине психологиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Каналдан жансыз денеси табылган келиндин ата-энеси анын өлүмүнө кайын журтун күнөөлөөдө. Бирок маркумдун күйөөсү, кайненеси ал үйдөн өзү чыгып кеткенин айтып, анын өлүмүнө тиешеси жок экенин айтышууда. Ошол себептен ноябрь айынын аягында келиндин күйөөсү, кайненеси жана бир нече күбөгө психологиялык экспертиза дайындалган. Учурда анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылып жатат", - дейт Ашырбаев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

21 жаштагы келиндин жансыз денеси 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын милицияга өз атасы билдирген. Кийин маркумдун атасы кызынын өлүмүнө кайын журтун күнөөлөп, аны өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиришкенин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2018-12-12 16:22:40
Шар аккан сай
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан