Жумгалда окуучунун өлүмү боюнча 14 жаштагы эки өспүрүм камакка алынды

Нарын облусунун Жумгал районундагы эки айылдын окуучуларынын ортосундагы мушташта каза болгон 8-класстын окуучусунун өлүмү боюнча эки окуучу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы эки өспүрүм 11-декабрда камакка алынган.

"Кызыл-Жылдыз айылынын окуучулары камакка алынды. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

Эске салсак, 9-декабрда Нарын облусунун Жумгал районундагы эки айылдын окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, 8-класстын окуучусу каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2018-12-12 17:35:18
Адам олуп жатса саламаттыгына оор зыян келтируу деп коет бекен?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан