Ала-Букада атасынын унаасын айдап чыккан 19 жаштагы уулу жол кырсыгына кабылып, 4 жүргүнчү ооруканага жеткирилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жол кырсыгы катталып, 4 жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү саат 20:00 чамасында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылынын 19 жаштагы тургуну атасына таандык унааны айдап чыгып, рулду башкара албай машина оодарылып кеткен.

"Тойота-Ипсум үлгүсүндөгү унаа оодарылып, ичиндеги 4 адам ар кандай жаракаттарды алышып, аймактык ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын ичинде экөө 9-класстын окуучусу, ал эми бирөө 18 жаштагы эч жерде окубаган жаран экени аныкталган. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан