Бишкек-Ош жолунда Митсубиси үлгүсүндөгү унаа жол четинде токтоп турган оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кетип 3 адам каза болду. Дагы 3 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев кабарлады.
Анын айтымында, кырсык бүгүн, 13-декабрь күнү саат 5:50 чамасында Токтогул районунун аймагында болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Митсубиси унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен Митсубиси унаасында бараткан 3 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. Жаракат алгандар унаадан чыгарылып ооруканага жеткирилишти. Алар Чаткал районунун тургундары болушкан. Учурда баарынын аты-жөнү такталып жатат. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу эч нерсе болгон эмес. Анын айтымында, Митсубиси унаасы анын кырсык болтурбоо үчүн качканына карабай келип урунган", - деди Сатыбалдиев.