Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына Бишкектеги медициналык "Тез жардам" станциясынын Кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-декабрда кечки саат 9:40 чамасында Абсамат Масалиев менен Дооронбек Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келатып, жолдон өтүп бараткан жөө адамды сүзүп кеткен.
"Болжол менен 50 жаштагы эркек киши оор жаракаттан улам окуя болгон жерден көз жумган. "Тез жардам" кызматы аталган дарекке барганда жабырлануучу каза болуп калганын аныкташкан. Алдын ала маалыматка ылайык, ал башынан оор жаракат алган", - дейт Борисов.
Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.