Таласта 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганын айтып, кыздын апасы милицияга арыз жазды

Талас облусунда 7-класста окуган кыздын апасы мугалимге карата милицияга арыз жазды. Бул тууралуу 13-декабрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 11-декабрь күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болгон. Арызда 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганы жазылган.

"7-класстын окуучусу менен мугалимдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Анын себеби үй тапшырма аткарбаганы үчүн болгону айтылууда. Учурда кыз Кызыл-Адыр айылындагы ооруканада жатат. Ал эми англис тилинен сабак берген мугалимдин үстүнөн жабырлануучу кыздын апасы арыз жазды. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Samat777
2018-12-13 12:46:04
Мугалимдердин кадыры кетти. Мурун бизди анча мынча чаап деле коюшчу. Өлбөй эле тарбия алып келдик.
+9
aizira
2018-12-13 12:58:29
Ой биздин чымчыыыып чымчып алчуу когоруп кетчуу ошол жерлерибиз. Азыркы окуучуларда ар деле жок. Намыстанган болуп больницага жатып алгандыр да
+7
medet1983
2018-12-13 13:11:58
Кандай болгон кундо да,бироонун баласын сабаганга эч кимдин акысы жок.
-20
newman
2018-12-13 15:24:22
medet1983, энеси тарбия бербесе, мугалим тарбия берип атат. Тарбия үйдөн мектептен билим алуу керек. Азыр окуучулар орой болуп калганы жалганбы? Мени китеп кыры менен башка чапкандай шишик кеткен күндөр болгон. Бир досумду ачуусу менен агай доска сүздүргөн эле. Сүзгөн жери кичине ичип карап кирип кеткен эле. 10 жылдыкка барганда "Амантур сүзгөн жер" деп баарыбыз күлүп койдук. Окуучу бирөөдөн коркуу керек
+4
Eldar6724
2018-12-13 16:28:05
newman,Жинди болду. Билим менен адаштырып алдын окшойт. Тарбия берууго ата эненден башка эчкимдин укугу жок.
-5
tynara81
2018-12-13 19:39:08
Eldar6724,балдар түндөсү мушташса да, мектеп жашындагы кыздар төрөп койсо мугалимди жоопко тартып, директордон бери иштен алышат. Ошондо тарбиялашка ата-эне милдеттүү деп эмнеге ата-энесин жоопко тартпайт. Чаап, уруп койгонго акысы жок болсо, мектептен сыртта болгон окуялар үчүн жоопко тартпаш керек да.
+3
XOWO
2018-12-13 13:13:40
Букуройто урса да эч нерсе дечуу эмеспиз азыркылар
+8
Sema87
2018-12-13 13:22:19
Айткады кылбаса уй тапшырмасын аткарбаса жакшы эле калган эзиш керек. манкаларын агыза азыга башка чабыш керек
+3
barakcha
2018-12-13 14:03:54
Sema87,анан турмого отуруп калыш керек деп койбойсунбу?)
-1
Syimyk.isaev
2018-12-13 13:24:28
Мугалимдеримдин урган колдорун сагындым... Агайлар дубалга жабыштыра, жабыштыра урат эле... Мугалим урса сени жакшы болсун деп урат,жаман болсун дебейт! Ханды да,байды да жөнөкөй гана мугалим окуткан.4,5 миң айлык алышат,ошентсе да кесибин сүйгөн адамдар. Мугалимдерге көңүл буруп койсо,орточо айлык 15 миң кылып.
+13
Skarlett-Skarlett
2018-12-13 14:04:10
Мугалим ыйык адам.Мугалим жаман болсун деп урушпайт.7-класс болсо откоол курак маалы экен окуучунун.Урматтуу ата-эне!Долуланып эмне кыласыз,барып эле оз ара чечишип албайсыздарбы?!Апасы болушчаактын баласы ыйлаак.
+7
Medina87
2018-12-13 14:23:11
Бул окуучу кызбы же уулбу айтор ата-энесинин эрке талтаны окшойт. Бизди ата-энебиз кундо кечки тамактан кийин соссуз сабак даярдоого отургузчу да текшерчу аткарганыбыз туурабы деп.
Агай, эжекелер сабак аткарбагандарды кадимкидей эле какыс кукус кылышчу. Эч кимиси арызданып мугалимди иштен айдатканын корчу эмеспиз.
+2
Sveta23
2018-12-13 14:59:36
ой бизди деген бор мн атып урчу.Эч кандай арызданганды деле билчу эмеспиз.Азыр бары озгорду.Бирин бири сыйлоо жок.Эптеп адамдар биринен бири бир нерсе ондуруп алуу болуп калды.Кандай болуп баратабыз...
+5
kirgizstan
2018-12-13 16:09:50
азыркы окуучулар тийип койсоң сийип койот болуп калганбы не балааа
+6
fanatka19
2018-12-13 16:35:50
Кичине эле бир нерсе болсо ата энеси арызданып атып мугалимдерге да баари бир болуп баратат окуйбу окубайбы.
+5
Aikaaaa
2018-12-13 17:26:24
fanatka19,анан ошентип болушкан балаңдан көрүп ал кийин деп кой
+3
raykray
2018-12-15 18:08:37
Ой тооба укаска жасап алып урат элего эмне мынча болушасынар, и тем более тапшырмасын жасабай барса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан