Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Зайналиев өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди

Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Хашим Зайналиев тергөө аяктаганча өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген Зайналиевге Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазган катынын негизинде кылмыш иши козголгон.

"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарыгерлик кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда Зайналиев суракка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле ал тергөө иштери аяктаганга чейин өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Бишкектеги Көк-Жар конушунда табып Хашим Зайналиев эч кандай уруксаты жок жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келет. Буга чейин ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2018-12-13 21:12:06
Доктурлар акча алып бирок даарылай албай жатса элдер айла кеткенде олбой калаар бекем деп табыпка барып жататда бирок доктурлар уйунордо дарылана бергиле дегенден кийин табыпка барып жатышат. Айыгып кеттик деп интервью беришиптирго.
+2
LadyB
2018-12-13 21:17:53
адамдар олуп жатат мунун колунан деп окудук эле бир жерден, ошондо деле элдер малдай болуп бара бергенине удивляюсь
0
Kaary
2018-12-14 00:06:16
Ээ тообо! Эмне медиктердин колунан өлбөй эле жатабы бейтаптар? Табып деген эмне силерге сөзсүз айыктырып бериш керекпи силерге? Ошого кайыл болуп барыптыр го? Табыптарды дагы Медиктерди дагы Кудай себепчи эле кылат, шыпаа же оору, төрөтүүнү же өлтүрүүнү! Ашым Зайналиев сизге сабыр-канаат, ишиңизге ийгилик каалайм! Алланын ырайымы, мээрими, жардамы сиз менен болсун!
+2
Zaina
2018-12-15 06:20:18
Kaary,мунун эч кандай лицензиясы жок, бул жон эле шарлатан. Бир аз билиминерди остуруп мындайларга барганды токтотпосонор дагы коп адам жабыркайт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан