Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош облусунда иштеген кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Өзгөндөгү каттоо-экзамен алуу жайынын транспорт каражаты жана айдоочулук курамынын өкүлдөрү айыпталууда.
"Облустук прокуратуранын кызматкерлери аныктагандай, аталган жайда иштегендер 2017-жылы жасалма документтери жана текшерилбеген маалыматтары менен өлкөгө кирген 17 автоунааны каттаган", - деп жазылат маалыматта.
Натыйжада унааны бажыдан өткөрүүдө мамлекеттик бюджетке 10 миллион 278 сом түшпөй калган. Ош облустук прокуратурасы "Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө" (210), "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304) жана "Кызматтык жасалмалоо" (315) беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Иш тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.