Автоунаа бүгүнкү күндө ар бир үйдө бар экени белгилүү. Ошондуктан айдоочуларда сапаттуу унаа сервиси башкы маселе болуп саналат. "Тойота Центр" жакында эле жыл ичинде акысыз тейлөө боюнча “Жылдык сервис” кызматын ишке киргизди. Бул кызмат кантип иштей турганы тууралуу кененирээк Toyota Center департаментинин техникалык директору Денис Стрелков айтып берди.
- Денис, саламатсызбы? "Тойота Центр`де" жыл бою акысыз тейлөөгө ээ болуу мүмкүнбү?
- Ооба. “Жылдык сервисти” сатып алып жыл ичинде оңдоо иштери үчүн келип, ага каражат коротпойсуз. Керектүү автомобиль кызматтары бир жылга АКЫСЫЗ! Мындай уникалдуу кызматты биздин борбордон ар бир унаа ээлери ала алышат. Toyota же Lexus үлгүсүндөгү бардык унааларга “Жылдык сервисти” сунуштайбыз. Тажрыйбалуу айдоочу катары бул кызмат – автоунаага байланыштуу бардык көйгөйлөрдөн куткарат деп ишенимдүү айта алам.
- “Жылдык сервис” кандай кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт?
- Көп колдонулган кызматтар. Мисалы, мотор майларын алмаштыруу, дөңгөлөк алмаштыруу.
-Чын эле көп кызмат көрсөтүүнүн түрү көп экен. “Жылдык сервистин” баасы канча болот?
- Ооба, “Жылдык сервистин” кызматтары көп жана үнөмдүү. Баасы унааңыздын үлгүсүнө жараша болот. Мисалы, Toyota Ist үчүн “Стандарт” пакеттин баасы - 12 500 сом болсо, "Премиум" – 16 000 сом, "Бизнес" – 22 000 сом.
- Кызмат көрсөтүү пакеттери эмнеси менен айырмаланат? “Стандарттын” ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн саны азбы?
- Жок, баары бирдей. “Стандарт” пакети унаанын 10 000 чакырым жүрүшүнө ылайыкташкан. "Премиум" – 20 000 чакырым, "Бизнес" – 30 000 чакырым. Кыргыз жериндеги айдоочу бир жылдын ичинде орто эсеп менен 10 000 чакырым жүрөт. Элестетиңиз Бишкектен Караколго чейин 13 жолу барып келип, 10 000 чакырым жүрсө болот. Баалар унаанын агрегаттарынын татаалдыгына дагы байланыштуу болот. Ар бир модель чыгарылган жылынан тартып, тетиктердин куралышына чейин өзгөчөлөнөт. Камсыздандыруу тууралуу айта кетсем, ал жыл ичинде жарактуу болот. Эгер унаа кырсыкка кабылса, биз 40 000 сомдун ченинде бир жолу кузов, малярдык иштерди жасап беребиз. Айтмакчы “Жылдык сервисти” жыл ичинде бөлүп төлөсө болот.
- Аябай ыңгайлуу экен. “Жылдык сервисти” кантип алса болот?
- Мунун кыйынчылыгы жок. Бизге келсеңиз унааңызды толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Андан соң “Жылдык сервис” кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлөт. Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу пакетти тандайсыз. Өзүм бул кызматтын алгачкы колдонгондордун биримин. Унаам кичине эле бузулуп калганына кейий берчүмүн. Азыр мен үчүн көйгөй эмес. Чын эле ашыкча майда иштерден куткарат.
Арийне "Жылдык сервис" – оригиналдуу, башкысы пайдалуу белек боло алат. Жыл ичинде түйшүксүз өтүүнү баары эле белек кыла алышпайт эмеспи.
"Жылдык сервисти" Горький көчөсү 1-дарегинде жайгашкан "Тойота Центр Бишкектен" алууга болот. Кошумча маалымат үчүн телефондор:
0 (312) 510 855;
0 (557) 510 855;
0 (701) 510 855;
0 (772) 510 855;
WhatApp: 0 (558) 530 855.