Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайдан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
"13-декабрь күнү болжол менен 14:40 чамаларында Ош шаарынын таштанды таштоочу полигонунан жаңы тѳрѳлгѳн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Аны таштанды аралап жүргөн лѳлү тектүү аялдар таап, милицияга кабар беришкен. Ымыркай картон коробкага салынып, үстү аялга таандык ич кийимдер менен жабылган. Ымыркай табылган жерге ыкчам тергѳѳ тобу барып, тиешелүү кароо иштери жүргүзүлдү. Ымыркайдын курагын, анын ѳлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтты басма сөз катчы.
Бул кылмышка тиешелүү болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.