Чүйдө жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнүн кесепетинен турак үйдүн чатыры өрттөндү

Чүйдө жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнүн кесепетинен турак үйдүн 250 чарчы метр чатыры өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт 14-декабрга караган түнү саат 12:40 чамасында чыккан. Анда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Покровка айылынын Манас көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 250 чарчы метр чатыры жана бастырманын 35 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Өрттү өчүрүүгө 2 унаа барып, өрт саат 02:20да чектөөгө алынып, саат 03:14тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү болгон. дистер кыш мезгилинде мештерди колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактап, тилсиз жоодон оолак болууну эскертишет", - деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан