Бишкек ШИИББинин пара алууга катышкан делинген кызматкери ички иштер органдарындагы кызматынан алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда маалымдады.
Бишкек ШИИББинин кызматкери Э.К. аттуу кызматкер мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыбы угузулганы менен азыркы учурга чейин милиция бөлүмүндө иштеп жүргөндүгү боюнча билдирүү интернетке тараган.
Ал эми Ички иштер министрлиги жогорудагы кылмыш ишин УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтегенин, бирок ИИМге кылмышка тиешеси бар Бишкек ШИИББинин кызматкери Э.К. кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандыгы тууралуу расмий маалымат берилбегендигин билдирди. Азыркы учурда ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында шаардык милициянын кызматкери ички иштер органдарынан четтетилгени кабарланды.