Актриса Кира Найтлиге Улуу Британия империясынын ордени ыйгарылды

Актриса Кира Найтлиге Улуу Британия империясынын ордени ыйгарылды. Мындай маалыматты англиялык басылмалар жазды. Актриса кинематография жана театрдык искусство тармагындагы жетишкендиктери үчүн сыйланган.

"Улуу британиялык актриса Кира Найтли кайрымдуулук жана театрдык ишмердүүлүгү үчүн Улуу Британия империясынын офицери наамына татыды", - деп Букингем сарайынын Twitter баракчасында жазылды.

Ага бул сыйлыкты Британия падышачылыгынын мураскери Уэльский Чарльз ыйгарды. Сыйлык тапшыруу аземине Найтлинин үй-бүлөсү: атасы Уилл Найтли, апасы Шарман Макдональд жана жолдошу британиялык атактуу рок-музыкант Жеймс Райтон катышты.

Найтли эки сферадагы эмгеги үчүн жогорудагы сыйлыкка татыган. Кинематорграфия жана театр искусствосу тармагында, анын ичинде "Текеберлик жана арам ой", "Анна Каренина", "Имитация оюндары" тасмаларында мыкты роль жараткандыгы үчүн, ошондой эле кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн сыйланган.

Салтанатта Кира Найтлинин жолдошу Жеймс Райтон падышачылык сарайдын ичиндеги кийимге болгон тартипти бузуп, галстук тагынбастан келген. Бул үчүн аны уяткарып жазып чыккандар да болду. Ал эми актриса лимондун өңүндөй сары түстөгү костюм жана "Chanel" топтомунун жарашыктуу шляпасын кийип келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2018-12-14 20:58:58
Кийими өлө жакты
0
Skarlett-Skarlett
2018-12-15 11:40:52
Жакшынакай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан