Америкалык модель Кайли Женнердин жаңы жылдык фотосессияга түшкөн сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусуна айланды.
21 жаштагы модель үй-бүлөлүк фотосессия жасап, анда денеси көрүнгөн жука кездемеден тигилген көйнөк кийген. Кайли Женнер фотосессиядагы айрым кадрлар менен жеке баракчасына бөлүшкөн. Көп өтпөй эле окурмандар моделдин кийимин сынга алган.
Кайли Женнер узап бараткан жылы эң көп киреше тапкан жаштардын арасында биринчи сапты ээлеген. Анын бир жылдык кирешеси 166 миллион 500 миң доллар түзгөн. Мындай кирешенин эң негизги булагы "Kylie Cosmetics" косметикалык каражаттар фирмасы болгон.