Ырчы Айгерим Расул кызынын үйүндө наристе үнү жаңырды. Экинчи ирет эне статусун алган ырчы уулдуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын апасы Катя Маматкулова айтып берди.
"Неберебиз 13-декабрда төрөлдү. Кудайга шүгүр, эне баланын ден соолугу жакшы. Төрөткананын кызматкерлери аябай жакшы карап жатышат. Неберебизге ысым ыйгаруу бул ирет бизге буюрду. Куда-кудагыйыбыз кеңешип "биринчи неберебизге биз ысым койгонбуз, эми сиздердин кезек" дешти. Таятасы элдин уулу болсун деп атын Элмырза койду", - деди ал.
Айгерим Расул кызы 2015-жылы 2-июлда Ханбийке аттуу кыздуу болгон.