Бишкекте "Жашылдандыруу" ишканасынын короосундагы куураган бактар күйүп кетти

Бишкектеги "Жашылдандыруу" ишканасынын короосундагы куураган бактар күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын нөөмөттө турган кызматкерлери маалымдады.

Маалыматка ылайык, өрт 15-декабрдан 16-декабрга караган түнү чыккан. Анда ишкананын короосуна чогултулган куураган бак-дарактар күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 бөлүм тартылып, өрт таңкы саат 5:28де чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Азырынча өрттүн эмнеден келип чыккандыгы жана ишкананын канча аянты күйгөнү аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidar151080
2018-12-16 19:22:17
Күлкүм келди, ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ишкананын короосунда куураган бак болсо, анан, кантип шаардын ичин ЖАШЫЛДАНДЫРАТ деп. Эптеп эле акча алыш керек, буларга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан