Колумбиялык ырчы Шакираны Барселона прокуратурасы сотко берди

Колумбиялык бийчи, өзгөчө үндүн ээси, ырчы Шакира салык төлөбөгөндүгү үчүн сот залына барат. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчыны Барселона шаардык прокуратурасы сотко берген.

Белгилүү болгондой, Шакира 2012-жылдан 2014-жылга чейин Испания мамлекетинде жашап, өлкөнүн резиденти болгон. Тагыраагы, ырчы аталган мамлекетке катталып, жарандык укуктарга ээ болуу менен бирге өлкөнүн бардык мыйзамдарын аткарганга милдеттендирилген. Шакира 3 жыл аралыгында Испания мамлекетинде жашап, тапкан каражатынан салык төлөп турушу керек эле. Бирок ырчы 2012-2014-жылдары Багам аралдарына жашагандыгын айтып, салык төлөөдөн баш тарткан.

Барселона шаардык прокуратурасы бул ишти иликтеп чыгып, ырчы жалпы жонунан Испания өлкөсүндө 183 күндөн ашык жашаганын аныктаган. Мындан улам ырчы мамлекеттик салык кызматына 16 миллион 300 миң доллар карыз болгонун айтып, сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Asyl.jazi
2018-12-16 11:39:44
3 жылга эле салык ошончо болуп кетеби?
-3
Baktyluu_bolgum_kelet
2018-12-16 11:43:58
Asyl.jazi,кайдагы 3жыл?183кун.
+1
Asyl.jazi
2018-12-16 12:08:31
Baktyluu_bolgum_kelet,3 жыл аралыгында деп турат го. Окуган жоксузбу?
-2
newman
2018-12-16 12:59:10
Asyl.jazi, 183 күн жашаганын аныктады деп турат
+1
kamchatka
2018-12-16 11:59:42
Шакира прокурорго бербей койгон окшойт иш козгоп койгонуна караганда !
+1
ruslanz
2018-12-16 12:49:04
kamchatka,Ал эмне Кыргызстан беле.
+8
Nurbek1212
2018-12-16 12:06:27
Болгону 183 күнгө 16 миллион 300 миң доллар төлөө деген бул кандайча??? түшүнүү кыйын
0
ruslanz
2018-12-16 12:50:32
Nurbek1212,Киреше салык деген бар да,ошол олкодо жургондо тапкан акчаларынын %ти
+5
boris8907
2018-12-16 12:51:47
Nurbek1212,бул миллионерлердин секкундасына жуздогон долларлар тушуп турат. Ошонун белгилүү бир олчомдо мамлекет ке салык катары толонот
+1
zalkar577
2018-12-16 13:42:39
Nurbek1212,Өлкөдө 183 күндөн ашык жашаса резидент деп аталат. Бул 183 күндөн ашык жашаганы аныкталды деп турат.
0
taalay25
2018-12-16 17:17:21
Nurbek1212, тапкан акчасынан НДС ондурулот
0
Dembele84
2018-12-16 13:01:51
Белгилуу адамдарга озу Испанияда жашоо налог жагынан проблема окшойт.Канчалаган футболисттер дагы деле налогдун айынан соттошуп буто албай журушот...
+2
AksyKum
2018-12-16 15:01:50
Урматтуу Шакира Кыргызстанга дагы келип 183кун жашап кетинизчи
+8
ruslanz
2018-12-16 15:27:56
AksyKum,Ошондо тойлордон коруп калабызбы?
0
AksyKum
2018-12-16 15:33:13
ruslanz,Ооба да, жар жар үйрөнүп алса, салык толосо болду да
+2
Boha1
2018-12-16 16:06:25
Жерар Пикенин аялыбы?
+2
Jelezo
2018-12-17 00:11:30
90 Шакира болсо Кыргызстандын бюджети толмок экен.Биз болсо Кумтөр кенинен 16 млн.доллар алалбай жүрөбүз.Уят эле кепкамды баса кийип алдым окуп алып.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан