Ырчы, алып баруучу жана актриса Анжелика тун кызы Айымга унаа белек кылды. Ал мындай кымбат баалуу белекти кызынын туулган күнүнө карата жасаган. Анжелика кызы 18ге чыкканда унаанын ачкычын тапшырарын SUPER.KG порталына айтып, буларга токтолду.
"Кызым Айымдын туулган күнүн эки күндөн бери белгилеп жатабыз. 14-декабрда классташтары менен, 15-декабрда "Kids Star" тобу менен белгилеп, өзүнүн көңүлүндөгүдөй майрам болду. Бүгүн болсо туугандарыбыз менен белгилейбиз. Ал эми кызымдын туулган күнүнө унаа (Lexus Nx 2018) белек кылдым. 1 ай мурда унаа саткан борборлордун бирине барып, ушул унааны айдап көргөм. Айдаганга жеңил, ыңгайлуулугу жаккан. Ошондо унаа борборунан жакшы сунуш жасашты, тактап айтканда, "эски унааңызды жаңы унаага алмаштырып беребиз" дешти. Ошондо дароо эле өзүмдүн буга чейин айдап жүргөн унаамды бергем. Жаңы унааны каттоо жана башка кагаз иштери Айымдын туулган күнүнө карата бүткөндүктөн унааны кызыма арнадым. Буюрса, кызым 18ге чыкса унаанын ачкычын колуна тапшырам. Мага жардамчы болуп сиңдилерин окууга, ийримдерге алып барып турса кандай жакшы. Бардык аракеттерим кыздарыма арналат", - дейт ырчы.
Ошондой эле Анжелика ак өргөөсүнүн оңдоп-түзөө иштери аяктаганын, жаңы үйгө киргенин кошумчалады.
"Буюрса, Жаңы жылды жакшы жаңылыктар менен тособуз. Жаңы үйүбүзгө кирдик. Кыздарымдын кубанычында чек жок", - деди ал.