Globus жаңы, эң өзгөчө food-to-go зонасы бар супермаркет ачты

Бишкекте 14-декабрда жаңы Globus-"Экспресс" дүкөнү ачылды. Ал Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде жайгашкан. Бул жерде тамактанууга да, сатып алууга да мүмкүнчүлүк түзгөн food-to-go зонасы бар болгону үчүн ал Globus дүкөндөр тармагындагы эң өзгөчөлүк болду.

Globus - «Экспресс» категориясы боюнча экинчи, жалпы эсепте 15-дүкөн. Анын ачылышына карата алгачкы кардарлар үчүн майрам уюштурулду. Коноктор үчүн эстрада жылдыздары ыр тартууласа, балдар үчүн атайын шоу көрсөтүлүп, келген коноктор көптөгөн белектерге, арзандатууларга ээ болушту. Дүкөндөргө кафетерий, таттууларды жасоочу жай, ресторандарды ачуу азыркы убактагы трендге айланган көрүнүштөрдүн бири болуп калды. Мындай формат өнүккөн өлкөлөрдөгү кадимки көрүнүш болуп саналат. Эми ушундай концепция Бишкек шаарында дагы болот. Globus дүкөндөрүнүн арасында бул чыныгы өзгөчөлүк.

Globus кардарларды сапаттуу тейлөөгө, эң жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүнү камсыздоого басым жасайт. Бул дүкөндөр тармагынын негизги багыттарынын бири. Бул Globus`тун атаандаштыктагы артыкчылыгы болуп эсептелет.

Азыркы учурда Globus кардарларга сунуштарды көбөйтүп, кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Globus`та өздүк азык-түлүктөргө өзгөчө көңүл буруу менен кардарларга нандын 20дан ашуун түрүн, 30дан ашуун салат жана даярдалган ысык тамактарды сунуштайт. Дүкөндөн сатып алуу менен татып көрүү орундалган кыял сыяктуу болду. Шаар тургундары жана коноктору комплекстүү сапаттуу тейлөөгө муктаж болгондуктан “Глобус” ошондой жерлердин көбүн түзүү менен сатып алууну ырахатка айлантууга аракет кылат.

Globus «Экспресс» дүкөнүнүн ачылышы аябай кубанычтуу окуя. Мындай дүкөндөр көп болушун каалайбыз. Ар бир Кыргыз жаранында Globus болушу керек эмеспи!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан