Бүгүн, 16-декабрь күнү саат 16:25 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча 5 адам каза болду. Дагы 3 адам ооруканага жеткирилген.
Белгилүү болгондой, аталган жолдо Фольксваген Пассат унаасы менен Тойота Ипсум сүзүшүп, Фольксваген Пассат унаасы өрттөнүп кеткен.
Чыгыш тарапка бара жаткан Тойота Ипсум унаасында 7 адам, экинчи унаада айдоочу гана болгону айтылууда.
"Токмок шаардык жана Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денесин чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берип, өрттү өчүрүшкөн. Жабыркаган адамдар "Тез жардам" кызматынын унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.