Кипрдеги аскер полигонунда Кыргыз жеринен барган 13 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү кечинде Мустафа Исмаилов аттуу тестиер бала дайынсыз болуп, ага издөө жарыяланган. Ал эми 14-декабрь күнү анын жансыз денеси Морфу шаарындагы аскер полигонунан табылган. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, ал атышуу учурунда жарылбай калган снарядды басып алган. Натыйжада ал жарылып кетип, каза болгон.