"Аалам сулуусу-2018" сынагында филиппиндик кыз таажы тагынды

Таиландда өткөн "Аалам сулуусу-2018" эл аралык сынагында филиппиндик Катрион Грэй жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сынактын финалы бүгүн, 17-декабрда болуп, анда 5 сулуусу таажы үчүн ат салышты. Финал Банкгоктун "Impact Arena" борборунда орун алып, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын жеңүүчүсү 24 жаштагы Катрион Грэй болду. Таажы тагынган сулуу ВИЧ, СПИД оорулары боюнча маселелерди чечүүгө багытталган "Love Yourself " компаниясында, коммерциялык эмес "Young Focus" компаниясында ыктыярчы болуп иштейт.

Ал эми экинчи орунду венесуэлалык сулуу Стефани Гутьеррес, үчүнчү орунду Түштүк Африка Республикасынын сулуусу Тамарин Грин алган.

Аталган сынакка Кыргыз өлкөсүнөн биринчи жолу "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова катышып, жарым финалдан өтпөй калган.

"Аалам сулуусу" эл аралык сынагы быйыл 67-ирет өткөрүлдү. Сынакка жалпысынан 94 мамлекеттин сулуулары катышты.

"Аалам сулуусу-2018" сынагында филиппиндик кыз таажы тагынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Skarlett-Skarlett
2018-12-17 12:22:22
Булар бай бизнесмендердин шоусу.Модель кыздар созсуз бироонун кылтагына илинип,ойнош же бироонун куурчагына айланчу шоу.Кыскача айтканда Ярмарка элитных проституток
+13
Kumarchik
2018-12-18 10:43:30
Skarlett-Skarlett,Туура айтасын Орустарда прикол бар опять олигархи выбирают тёлок деп
+1
Sezimka27
2018-12-17 14:19:46
олло куттум еле
бегимай карбеков
+1
Aijan2905
2018-12-17 15:51:31
Бегимай Карыбекова булардан калышпаган сулуу экен мучо бою келишкен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан