"Кант" авиабазасында иштеген аскердин жансыз денеси табылды
"Кант" авиабазасында келишимдик негизде иштеген В.Щебланов аттуу орусиялык аскердин жансыз денеси табылды. Бул маалыматты Чүй облустук милициядан тастыкташты.
Маалым болгондой, 15-декабрь күнү милицияга чалуу болуп, Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен бир адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери маркум "Кант" авиабазасында иштеген Орусиянын 39 жаштагы В.Щебланов аттуу жараны экендигин аныкташкан.
Учурда ал адамдын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал этил спиртине ууланып каза болгон.