Которулган акча каражаттарын банктардан кезек күтпөй, комиссиясыз картага чегерип алууга мүмкүнчүлүк ачылды. Кардар ордунан жылбай картасы аркылуу башка бир адамдын картасына акча которо алат.
Эми “Элкарт” карталарынын ээлери "Золотая Корона - Акча которуулар" мобилдик тиркемесинин жардамы менен келип түшкөн акчаны өз карталарына түздөн-түз чегере алышат. Андан соң которулган акчаны банкоматтын жардамы менен ала алышат.
“Золотая Корона - Акча которуулар” кызматынын директору Иван Ситнов алар үчүн “Элкарт” менен биргеликте Кыргыз өлкөсүндө бул долбоорду ишке ашырып жатканы чоң окуя, маанилүү кадам экенин баса белгиледи. "Золотая Корона" 2007-жылы Кыргыз мамлекетинде ишке ашырылган. Ошондо биз жергиликтүү банктар менен келишимге кол койгонбуз. Азыркы тапта биз дүйнөлүк чоң төлөм системдеринин бири болуп эсептелебиз. 2018-жылы жарым миллионго жакын Кыргыз жараны Орусиядан акча которууну “Золотая Корона” төлөм системи аркылуу жүргүзөт. “Золотая Корона” менен “Элкарт” биргеликте акча которулган акчаны жөнөкөйлөтүүнү ишке ашырат. Ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүнү көбөйтүүнү тилек кылып жатабыз. Акча которууну банкка барып алганга караганда мобилдик тиркеме аркылуу өз карталарына чегерип алуу бир кыйла жеңил. Бул биргелешкен иш үчүн “Элкартка” ыраазычылык билдиргим келет", - деди Иван Ситнов.
“Банктар аралык процессинг борборунун” жетекчиси Улан Жамалидинов азыркы тапта “Элкарт” картасын миллиондон ашык жарандар колдонуп жатканын билдирди. “Элкарт” картасынын ээлери “Золотая Корона” аркылуу акча которууну колдоно алат.
Которулган акчаны кантип картага чегерип алса болот?
Бул үчүн колдонуучу бир нече кадамдарды аткарышы керек. “Золотая Корона - Акча которуулар” тиркемесин уюлдук телефонуна App Store же Google Play’ден жүктөп алуусу шарт. Тиркемени орнотуп, авторизациялангандан кийин колдонуучу алгач “Акча которууну алуу”, андан кийин “Картага чегерүү” опциясын тандап, акча которууну жөнөтүүдө көрсөтүлгөн аты-жөнүн же акча которуу чегериле турган картанын маалыматтарын киргизиши зарыл. Акча ошол замат же үч күн аралыгында эсепке түшөт.
Тиркеме аркылуу бир күндө эки жолу акча которууга болот. Бир айда кардар 10 жолу акча которо алат. Акча которуунун минималдуу суммасы 100 рубль (104 сом 57 тыйын), ал эми максималдуу суммасы 600 миң рубль (630 миң сом).