SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Таалайбек Тойчуевдин "Сен сүйгөн карагат" аталышындагы 20 жылдык концерти жүктөлдү.
Концерт узап бараткан жылдын 18-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орун алып, 2 саат 40 мүнөткө созулган.
"Сахнада жүргөнүмө 20 жыл болгондуктан, экинчи ирет чыгармачылык кече уюштурдум. Буга чейин 1999-жылы "Таалай-Баткен" тобу менен биргеликте концерт өткөргөнбүз. Бул жолку концертиме конок болуп Кыргыз Эл акыны Рахматулла Козукеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Жеңишбек Жумакадыр, Расул Маматкулов, Бактияр Токторов жана ырчылар Фарида Карбозова, Өктөм Сапар уулу келди.
Жандуу үн менен коштолгон концертте менин аткаруумдагы "Айылым", "Сен сүйгөн каарагат" чыгармаларым көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды. Концерттеги өзгөчөлүк деп кыздарымдын сахнага чыкканын айтсам болот. 11 жаштагы Эркайым аттуу кызымдын аткарган "Мама" чыгармасы залда отургандар тарабынан жылуу кабыл алынды. Ошондой эле улуу кызым Тахминанын аткаруусундагы "Бой жеткен кыздын арманы" элдин көңүлүн гана бурбастан, дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду", - дейт ал.
"Сен сүйгөн карагат" аталышындагы концертти көрүү үчүн шилтеме.