Кыргыз мигрант кызы туурасында тартылган "Айка" драмасы "Оскар" сыйлыгына талапкер тасмалардын тандамал тизмесине кирди

Орусиялык-казакстандык режиссёр Сергей Дворцевойдун кыргыз мигранты тууралуу тарткан "Айка" аттуу драмасы "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" наамы үчүн ат салышкан тасмалардын тизмесине кирди. Аталган драма Казакстандын атынан көрсөтүлүүдө. Тизмени The Hollywood Reporter журналы жарыялады.

Тандамал тизмеге кирген тасмалардын катарында дагы 8 тасма бар. Алар "Келгин куштар" (Колумбия), "Күнөөлүү" (Дания), "Авторлугу жок эмгек" (Германия), "Шоплифтерлер" (Япония), "Капернаум" (Ливан), "Рома" (Мексика), "Жалындоочу" (Түштүк Корея), "Саясий согуш" (Польша) тасмалары.

"Оскар" сыйлыгынын наамдарынын жеңүүчүлөрү 2019-жылдын 24-февралында жарыяланат.

"Айка" тасмасы - Москва шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз кызынын окуясын чагылдырган драма. Анда Айка күтүүсүз жерден кош бойлуу болуп, баласын жарыкка алып келет. Жардам берип, каралаша турган адамы жок болгондуктан жаңы төрөлгөн ымыркайын төрөт үйүнө таштап кетет. Бирок энелик сезими ага жай бербегендиктен таштап кеткен баласын издейт.

Буга чейин 71-ирет өткөрүлүп жаткан Канн кинофестивалына орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун кыргыз кызы тууралуу тарткан тасмасы "Алтын бутак" сыйлыгы үчүн ат салышкан. Мындан кийин Германиянын Котбус шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
piramida
2018-12-18 11:24:09
маданият министрлиги бир нерсе дебейсинерби казактарга.
+2
piramida
2018-12-18 11:27:27
Мынакей урматтуу бок курсак чиновниктер силердин айынардан буткул дуйного шерменде болдук кыргыз кызынын тагдырын еми бардыгы корот екен.
+5
Skarlett-Skarlett
2018-12-18 13:56:51
Кыргыз,кырк кыз.КЫЗДАРДЫ КОР КЫЛЫП,КОЗ ЖАШЫНА КАЛГАН АР БИР АКМАК ,ЭРКЕК,ЧИНОВНИКТЕР,Мамлекетти жакырлыкка алып келген атка минээр эр болумуштар!Мин ирет наалат силерге!Умай эненин урпактары кор болду!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан