Бишкекте сумка уурдаганга шектелип 55 жаштагы аял кармалды. Анын мындан башка 10 кылмышка тиешеси болушу мүмкүн

Бишкектеги соода борборлорунун биринен сумка уурдаганга шектелип 55 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда 15-декабрь күнү соода борборлорунун биринен белгисиз жаран сумкасын уурдап кеткенин жазган. Уурдалган сумканын ичинде 5 миң сом акча, документтер жана башка да буюмдар болгон.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси "уурулук" боюнча кылмыш ишин козгогон. Криминалдык милиция кызматкерлери шектүү катары мурда сот жообуна тартылган, 55 жаштагы Т.А.ны кармаган. Шектүү мындан тышкары дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш ишине шектүү катары каралууда. Учурда кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jazmina909090
2018-12-18 11:50:59
Уят эле карыганда үлгү болуп акыл насааттарын айткандын ордуна
0
evidens
2018-12-18 13:04:03
Т.А ны кантип тааныйбыз эми бетин жаап коесунар качан болсо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан