Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолуна кар көчкү түштү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда унаа жолго кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн, 18-декабрда саат 06:00 чамасында жааган кардын кесепетинен Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 100-чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 1000 метр куб жана 88-90 чакырымында көлөмү 500 метр куб кар көчкү түшкөн. Мындан улам унаа жол бир тараптуу жабылган. Унаа жолду тазалоого тиешелүү кызматтан 5 техника тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан