О! Мобилдик оператору О! абоненттери үчүн роумингдин болгону 1 сомго 1 мегабайт интернет атайын тарифи жүрө турган өлкөлөрдүн тизмесине Украинаны киргизди. Супер пайдалуу тарифти сапарга чыгар алдында *997# акысыз активдештирүү буйрутмасын терүү менен Украинанын Vodafone түйүнүндө колдонсо болот.
Атайын тарифтин акысыз активдештирүү буйрутмасын дароо азыр терүүнү сунуштайбыз. Анткени сапарга даярдануудагы кымкуутта аны ойлонууга убактыңыз болбойт, ал эми өлкөгө жеткениңизде өз номериңизди сактоо менен жакындарыңызга байланышка чыга аласыз, дароо сак-саламат жеткендигиңизди кабарлай аласыз, шаар ичинде жүрүүңүз үчүн тиркемелердин кызматтарын колдоно аласыз, дегеле бардык маанилүү иштериңизди бүтүрө аласыз.
Роумингдеги 1 мегабайт менен канча көп иштерди аткара ала турганыбызды элестетип көрүңүз:
Мессенжерлерди колдонуунун баасына жөнөткөн файлдардын: сүрөттөрдүн, музыканын, видео жана добуштук билдирүүлөрдүн да көлөмдөрү таасирин тийгизет.
Роумингдеги 1 сомго 1 мегабайт атайын тарифи кийинки өлкөлөрдө да жеткиликтүү: Россия Tele2 жана Мегафон түйүндөрүндө; Казакстан Tele2 түйүнүндө; Өзбекстан Ucell түйүнүндө; Түркия Turkcell түйүнүндө; Сауд Арабиясы Saudi Telecom Company түйүнүндө, Таиланд True Move түйүнүндө жана Вьетнам Viettel түйүнүндө.
Роуминг кызматтарынын бардык тарифтери тууралуу o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн билсе болот.
О! Мобилдик операторунан роуминг – санаасыз саякатта.