Бишкекте шаар тургунун уурдап, 50 миң долларын алып, дагы 20 миң доллар акча талап кылган белгисиз жарандар кармалды

Бишкекте шаар тургунун уурдап, андан соң опузалап акча талап кылган деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургуну белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, борбордогу батирлердин биринде кармалган. Кылмышка шектүү топ уурдалган жарандын 50 миң долларын алып, дагы 20 миң доллар талап кылган. Ошондой эле жабырлануучунун үй-бүлөсүн коркутуп, алар жашаган үйдүн ачкычын алып коюшкан.

"Бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин Свердлов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) боюнча иш козгогон. Ал эми ИИМдин алдындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгы бул кылмыш ишине карата атайын даярдыктагы операция уюштурган. Атайын жүргүзүлгөн операцияда кылмышка шектүүлөр шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кармалышкан. Уурдалган жаран үйдө кармалып турган абалда табылган. Жабырлануучу жаран сабалып, денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Бул ишке шектүү катары Бишкек шаарынын 40 жаштагы К.М., 29 жаштагы Т.Х. жана Чүй облусунун 35 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну кармалган. Шектүүлөрдүн экөө буга чейин соттолгону аныкталган.

Учурда шектүүлөрдүн буга окшош кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rystambekkg
2018-12-18 21:34:39
Мындай мыкаачы айбандардын жузун емне бекитесинер аты жонун толлук жазбайсынарбы
+11
RusMos76
2018-12-18 22:29:03
Бетин ачкыла айбандардын, ушундай адам сымал айбанаттар бар экенин билсин эл!
+11
zzz---zzz
2018-12-18 22:54:59
Эл айтса калп айтпайт жүзүн корсоткуло эл да таанысын, же коркосунарбы силерди да опузалап акча алабы. Дагы кимдер жабыр тарткан болсо көрүп арыз менен кайрылат.
+10
kamchatka
2018-12-19 04:32:02
Омай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан