Орусияда кичи автобуска тандыр жана 26 Кыргыз жаранын салып бараткан айдоочу кармалды

Орусияда 7 орундуу кичи автобуска тандыр жана 26 Кыргыз жаранын салып бараткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Красноярск шаарынын Сибирь трассасынан кызматкерлер тарабынан кичи автобус токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда кичи автобустун артында атайын текче жасалып ал жактарга да адамдар жаткырылганы аныкталган. Айдоочуга жүргүнчү ташууда эрежелерди бузгандыгы үчүн жана унаанын салонун өзгөрткөндүгү үчүн административдик материалдар толтурулган.

"Жүргүнчүлөр поездге түшүп сапарын улантышкан, ал эми кичи автобус атайын унаа токтоочу жайга токтотулду. Андан сырткары Кыргыз жарандары Орусиянын аймагында мыйзамдуу же мыйзамсыз жүргөнү текшерилүүдө. Кичи автобустун жүргүнчүлөрү мекенине кайтып жатышкан", - деп айтылат маалыматта.

Видеодо кызматкер жүргүнчүлөргө баары коопсуздук курун тагынып жол жүрүшү керектигин айтып, "ушинтип жол жүргөн ыңгайлуубу?" деп суроо узатып жатат. Жол киреге канча акча төлөшкөнүн да сураштырган. Буга жүргүнчүлөр "жол кирени фирма төлөдү, ыңгайлуу эле" деп жооп беришкен.

Орусияда кичи автобуска тандыр жана 26 Кыргыз жаранын салып бараткан айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Benazir08
2018-12-19 11:32:44
Ошого тушкон адамдар да жинди мындай ойлонушса болмок да. Тообо
+5
Kalnazarov89
2018-12-19 11:42:08
Кыргызстандык озбектер.кыргыздар мынтип журушпойт
+13
Kairat1996
2018-12-19 11:56:11
Бир нерсе болсо эле озбектерге шылтай бербегилечи.
-12
bond
2018-12-19 16:09:06
Kairat1996,озбекти озбек дейтда.
+12
newman
2018-12-19 12:02:42
Таптаза эле кыргыздар
-8
aitenir
2018-12-19 12:46:07
7-минден толодук дейтко селедка, самолет арзанго бу лайнерден))
0
Janybekleilekkg
2018-12-19 13:37:48
Кыргыздар 7мин толоп тушпойт мындай автобуска,самолёт 6мин болуп жатат азыр
+7
Jelezo
2018-12-19 16:43:49
Тажикстандыктар бир адамга 7000 деп уккам Ленинабадга чейин.
+3
AykaMer
2018-12-19 23:46:58
Оой боой... Орустар дагы таң калгандыр,кыргыздарга боло берет турбайбы,ХХХХ ХХХ жүктөсө эле кете берет экен дешип.Кыргыздар өзүнү сыйлабаганы ушул жерден көрүнүп турат да...
+4
PROS
2018-12-21 09:22:20
Красноярск Бишкек автобус эки эсе арзан алып кетет го, булар кыргыздар эмес окшойт. 7000ге бир аз акча кошсо самолет менен кетишмек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан