Чүйдө 43 жаштагы киши адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Чүй облусунун 43 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 19-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, 12-декабрь күнү Москва районунун Петровка айылындагы көчөлөрдүн биринен кыйноо белгилери менен каза болгон адамдын жансыз денеси табылган.

Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан жансыз денеси табылган адамдын аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун 35 жаштагы Г.Д. аттуу тургуну болуп чыккан.

Аталган фактынын негизинде "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши ачылып, издөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун 43 жаштагы К.А. аттуу тургуну шектүү катары колго түшкөн. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, экөө спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан