Ош облусунда жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы 18-декабрь күнү саат 23:00 чамасында катталган. Окуя Ноокат районунун Өсөр айылында болгон.
"Ноокат районунун 57 жаштагы тургуну Ш.К. өзүнүн Дэу Матиз унаасын батыштан чыгышты көздөй айдап келе жатып, жолдо бузулуп токтоп турган Вольво-ТН12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны артынан сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын айдоочусу денесинен жаракат алып, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилип, алган жаракаттарынан улам каза болгон. Ал эми унаада бара жаткан айдоочунун атасы, 86 жаштагы Ш.С. окуя болгон жерден каза болгон. Учурда жол кырсыгы боюнча Ноокат РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.