Актриса Моника Беллуччинин сүйүктүүсү өзүнөн 18 жаш кичүү сүрөтчү экени белгилүү болду

Белгилүү актриса Моника Беллуччи жакында берген маектеринин биринде сүйүүгө кабылганын айтып, бирок атын сыр тутканын чет элдик маалымат булактары жазган. 5 жылдан бери башы бош жүргөн актрисанын жүрөгүн багындырган мырзага кызыгуу арткан журналисттер алар чогуу жүргөндө сүрөткө тартып алышкан.

Белгилүү болгондой, актрисанын арзыганы 36 жаштагы франциялык Николя Лефевр аттуу сүрөтчү. Актриса сүрөтчү мырза менен жакын мамиледе экендигин жашырбай, эл арасында ачык жүргөн. Николя түбү Франциядан жана өз өлкөсүндө сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп турат.

Ал эми Моника Беллуччинин жакындары актриса франциялык сүрөтчүнү абдан сүйүп калгандыгын жана үлпөт той тууралуу олуттуу ойлонуп жаткандыгын айтышканы жазылат маалыматта.

54 жаштагы актриса мурунку күйөөсү Венсан Кассель менен 2013-жылы ажырашып кеткен. Алардын ортосунда 2 кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Zidan2
2018-12-19 21:18:59
Келиип,келип ушуга тийдинби Моника Беллуччи
Малена киносунда ваах))))
0
dastan.bujun
2018-12-19 21:19:06
Суйуудо коз жок
-1
Munar92
2018-12-19 21:35:46
Фигурасына соз жок 54 жашта дебейт эч ким
+2
Skarlett-Skarlett
2018-12-19 21:41:43
Ото сулуу,бактылуу аял экен.Кудай ото конул буруп жасаган экен.
+4
aman0296
2018-12-19 21:42:55
Суйуу жашка карабайт. Балким менин болочок жубайым тороло элек...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан