Нарын шаарында суу жээгинен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
Нарын ОИИБинен билдиргендей, Нарын дарыясынын түштүк жээгинен 55-60 жаштагы азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылган. Денеде эч кандай уруп-сабоонун белгилери катталган эмес.
"Маркум Нарын шаарынын тургуну болгону аныкталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп айтышты басма сөз кызматынан.