Кочкордо жеңил машина менен КамАЗ сүзүшүп эки адам каза болду

Кочкор районунда Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа КамАЗ менен сүзүшө кетип ичинде бараткан эки адам каза болуп, дагы бир адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, жол кырсыгы 19-декабрь күнү саат 19:42 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 205-чакырымында (Кочкор айылынын тушунда) катталган.

Кырсык болгон жерге аталган министрликтин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып каза болгон эки адамды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жаракат алган адам райондук ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AIA-TOO
2018-12-20 12:15:35
Күндө авайра, күндө өлүм тооба.
0
Rifle_I
2018-12-20 18:02:36
Баардык айдоочуларды кайрадан экзаменге жибериш керек окшойт. Анан жазадан аты ЧОООҢ болсо да качырбай закон алдында жазалаш керек. Ошондо президент болсо да жоопкерчилигин сезип жол эрежесин сактап калат эле.
0
Rifle_I
2018-12-20 18:39:01
Сыйым менен суранам урматтуу айдоочулар, фараңарды регулировка кылып, каршы тилкенин көзүн албагылачы. Кошумча жарыктарды да коюп алган айдоочулар, аябай өтүнүп суранам, алып салгыла. Ал жарыгыңар каршы тилкеге өтө жарык болуп, эч нерсе көрүнбөй калат. Анан да рулдун алдында "сыйкырдуу таяк" бар, ошону иштеткилечи "дальний-ближний" фараны алмаштырып. Оң рулдуу автоунаалардын фараларын регулировка кылгыла туугандар. Бул текстти окуп, анан сөгүнүп койгондор,көзүңөр агып эле калсын чын эле, эркекче
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан