Кардарына жасаган жакшылыгы менен бүтүндөй өлкө сыймыктанган Кайрат Тентимишев аз күнгө эс алууга үйүнө келди

АНЫН МЕКЕНИНЕ КЕЛИШИНЕ BEELINE КОМПАНИЯСЫ КӨМӨК КӨРСӨТТҮ

Буга чейин орусиялык интернет колдонуучу Варя Борцова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына таасирдүү окуясын бөлүшкөн. Анда ал чет элден Москва шаарына учуп келип, үйүнө жеткирип барган таксисттин унаасына сумкасын унутуп калганын, буюмун кайтаруу үчүн ал жигит суукка карабай үйүнүн алдында 8 саат күтүп турганына ыраазы болгонун жазган. Сумкасында көп суммадагы акчасы жана документтери болгон.

Борцова окуядан кийин аны издөөгө киришкен. Ал Чүй облусундагы Асыл-Баш айылынын 30 жаштагы Кайрат Тентимишев деген тургуну болуп чыккан. Көпчүлүккө үлгү болгон иш-аракети үчүн Beeline компаниясы Тентимишевге бир жылдан бери көрүшө элек кыздары менен жолугуп кетүүсүнө шарт түздү.

"Beeline коомчулук үчүн түшүнүктүү жана жөнөкөй болгон байланышка карай багыт алды. Биз калыс, ачык жана ынтымактуу болууга аракет жасайбыз. Албетте, биз менен бир толкунда болдгондорду колдойбуз. Кайрат негизи өзгөчөлөнгөн аракетти көрсөткөн жок, болгону абийири менен иш жасады, бирок коомчулук моралдык баалуулуктардан арылып бараткан ушул тапта анын кардарын 8 саат күткөнү жалпы эл үчүн үлгү болду.

Биздин мекендешибиз аз убакытка болсо да үй-бүлөсү - кыздары жана ата-энеси менен чогуу болуп жаңы күч топтоп кетти деп ишенебиз. Үй-бүлөсүнөн алыста жүргөн адам үчүн алар менен чогуу өткөргөн ар бир мүнөтү баалуу эмеспи. Биз бардык Кыргыз жарандарына жакындары менен бетме-бет жолугуп, сүйлөшүп, жетелешип, бири-бирине жакшы сезимдерин, ыраазычылыгын билдирип жашашын каалайбыз. Мунун баары татаал эмес эле нерселер эмеспи", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Таксисттин айтымында, ал Москвадан келинчеги менен келген.

"Биз барганда кыздарыбыз абдан кубанышты. Сагынычыбызды таратып, маңдайыбыз жарыла сүйүнүп, үй-бүлөбүз толукталып божурап эле калдык. Жаңы жыл алдында абдан жагымдуу белек болду", - деди ал.

Кайрат Тентимишевдин жубайы Аида Аязбек кызы экөөнүн 3 кызы бар. Улуу кызы 2-класста, ортончусу 1-класста окуп жатса, кичүүсү 4 жашка чыкты. Кыздарын Тентимишевдин ата-энеси карайт.

"Адамга жасаган ар бир жакшылык эселеп кайтып келерине ишенем. Мен кардарыма жасаган мамилемден кийин көптөгөн жакшылыктарга туш болдум. Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен, ар түрдүү коомдордон чакырышып, ыраазычылык баракчаларын тапшырышты. Келе жатканда да аэропорттон тааныгандар учурашып, жакшы кептерин айтып жатышты", - деди ал.

Тентимишев Орусияга туура бир жыл мурун кеткен. Ошондон бери кыздары менен көрүшө элек болчу.

"21-декабрда кайра Орусияга учуп кеттик. Жаңы жыл алдында да сый көрсөтүү үчүн чакырган жактар бар, ошол жактарга барабыз. Менин аракетимди баалаган бардык адамдарга жана Beeline компаниясына ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Кардарын 8 саат күткөн таксист мекенине келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
sabirdinovich
2018-12-26 13:38:33
Азаматсың Кайрат, азаматсың Билайн
+19
kirgizstan
2018-12-26 14:12:25
Азаматсын анан Азамат десе жанагы ким эле Марат Исаевдей болуп көөп кетпе.
+20
warcaw
2018-12-26 15:38:43
kirgizstan,ал не болуп көөп кетти эле?
+4
ikitaidesu
2018-12-26 20:21:54
warcaw,үйлөнүп алды го... Ошто аялы жана кызы калды окшойт.
+8
meni_kut
2018-12-26 21:11:24
warcaw,аялы черный списокто болуп,уйундо кайненесинин кызматын кылып журсо,Марат жапжаш кызга уйлонуп алдыго
+5
fanatka19
2018-12-28 10:52:44
meni_kut,Марат иштебесе аялы кетет да звезда болгондон бери эки кыргыз чогулган жерде эле Марат журот,
0
Dembele84
2018-12-26 20:40:32
kirgizstan,Оштогу семьясын таштап,Москвада жаш кызды алып уйлонуп,мактанып чыкты го супер инфого !
+8
Soni130587
2018-12-26 16:05:57
Азамат жигит экенсинго 8саат кутсон
+7
Nurgazy80
2018-12-26 16:51:30
Билайн рекламаны катырыптыр. Экөөнө тең пайда. Азамат !
+7
Aikaaaa
2018-12-26 16:57:32
Жанталашсаң деле баякы, жанталашпасаң деле баякы. Акчанын кулу болуп уктабай, уйкудан калып, элдерди тепселетип кетип атышпады беле.
Ушинтип кичине болсо деле, кичинекей иштен өзүңдүн жакшы жагыңды көрсөтүп койсоң болот экен да көрсө. Азаматсың! Адам болуу бийик
+4
gulmi
2018-12-26 20:42:14
Соонун жанылык,ар бир кыргыз улгу алса
+6
Haku
2018-12-26 20:57:53
Урматтуу супер инфо кайсыл санда чыккан эле шилтемесин жонотуп коюнуздарчы Марат Исаевтин уйлонгону жонундо
+4
kirgizstan
2018-12-27 14:50:22
Haku, ютуптан да издесен табасын
0
molorbaev
2018-12-26 22:44:59
Азамат экенсин. Жакшы адамдар коп болсун.
+2
Benazir08
2018-12-27 05:21:54
Жакшы уйбулосу мн аман болсун иш деп журо бербей бир шок уулду болуп алгыла ылайым
+2
kadam
2018-12-27 10:28:34
Кайрат уулум,баардык кыйынчылык, тоскоолдуктун баары эми артта калсын. Үй-бүлөң менен биригип,аман-эсен болуп бактылуу өмүр сүргүлө. Былгыган саясаттан баш айланып, өзүбуздү өзүбүз тааный албай, ар кимге кулдук уруп турган маалда, Кыргызмын деген атуулдук ыйык сезимди ойготуп, бизге намыс, абийир алып бердиң. Жаңы Жыл жакшылыктын жылы болсун.
+5
buivol4ik
2018-12-28 00:33:04
Асылбаш алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан