Бегимай Карабаева: "Элдешип каламбы деп күйөөм менен мыйзамдуу түрдө ажыраша элек болчумун. Жагымдуу жаңылык айтып калышым мүмкүн"

Ырчы Бегимай Карабаева жолдошу менен 2014-жылы эки айрым жолго түшкөнү маалым. Бирок таарынышкан жубайлар мыйзамдуу түрдө жыл жаңырарга жакын ажыраша турганын байланышканыбызда билдирди.

"Жолдошум менен эки башка жолго түшкөнүбүзгө билинбей 4 жарым жыл болуп калса дагы мыйзамдуу түрдө ажыраша элек болчубуз. Себеби ортобузда чырактай болгон 2 кызыбыз бар, кайра жарашып, жашап калабыз деген ойдо элем. Бирок ал оюм ишке ашкан жок. Ошол себептен ортобуздагы байланышты биротоло үзүп, жаңы жашоо баштайын деп чечтим.

Учурда көңүлүмө жаккан адам бар. Мамилебиз олуттуу. Чыгармачылыктан алыс адам. Жеке ишкерлик менен алектенет. Ал дагы мен сыяктуу бир ирет турмуштан жаңылган. Азырынча башка нерселерди айтпай турайын. Балким, жакын арада сиздерге жагымдуу жаңылык менен бөлүшүп калаттырмын", - деди Карабаева.

Белгилей кетсек, ырчы 2010-жылы турмушка чыгып, 2014-жылы күйөөсү менен ажырашып кеткен.

Ырчы Бегимай Карабаева турмушка чыгабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
AIA-TOO
2018-12-20 14:17:57
Кашы кантет ыя?
-1
Asyl10
2018-12-21 18:18:24
AIA-TOO, кашына эмне анча тан калып? азыр 90-95% кыз-келиндердин кашы ушундай формада тартылган го,мурда кыздардын каштары ар турдуу болчу,бириники жоон,башкасыныкы ичке, узун-кыска,кою,суйук, азыр баарыныкы бипбирдей штамп басылгандай оппокшош тартылган ушундай формадагы каштар.Жарашабы жокпу баары окшош кылып ушинтип тарттырып алышат.Кирпиктерге эми соз жок, жаршакан-жарашпаганы торпоктой болуп жармаштырып алган, откондо маршрутта бироосунуку курткама жармашып уйго келиптир:-)
+5
admin_superstan
2018-12-20 14:23:09
Bahabrat79, такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз.
+1
kyrgyzstan00
2018-12-20 14:41:36
Ырчы барбы тааныбайт экем
0
Asylai88
2018-12-20 15:37:33
Жарашып каламбы деп ойлодум деп кайра конулумо жаккан адам бар дейт го бул. Конулуно бир кундо эле жакпаса керек ага да коп убакыт керек да, жарашпасам бунусу деп запаска алып жургон го.
+10
Kuba_502
2018-12-20 16:03:28
Эмне болот эле,эрдин санын көбөйтөт экенсиң да
+2
nur0202
2018-12-20 16:11:14
Бешенеге эмнени жазса ошону коросун.Бирок озун да аракет кыл адашпаганга.
+2
Tiken
2018-12-20 16:12:15
Торт жылдан бери жолдошун эсине келбесе эми эс кирмек беле. Жакшы жолдош чыкса ошого чыгып по.
+3
Nurgul76
2018-12-20 16:16:00
Ырчыларга эрге тийген да ажырашкан да мындай эле корунуш ко конуп калышкан беттери чымырап да койбойт дагы уялбай мактанышат.Аман эле болушсун.
+4
gulzat85
2018-12-20 18:12:27
Деги эле бир ырын билбейт экенмин.ону тааныш учурайт
+1
uitmor
2018-12-20 18:40:40
Ой кокуй оооооой эми ушуда жанылыкпы
+3
Altyn2017
2018-12-20 19:17:44
сурот алдайт деген ушуда аны алдынан живой коргон адам бул суротторго ишенбейт анткени мен анын кошунасы болом айылда.
+5
Asylai88
2018-12-21 01:32:37
Altyn2017,жолдошу живой коруп калып ажырашса керек да боёк озу коп адамдын тагдырын бузат.
+1
taalay25
2018-12-21 10:44:47
Asylai88,жолдошу да кошунасы болот, чогуу бир мектепте окуган дегендей. Кеп башка нерседе
+1
nur0202
2018-12-21 11:08:36
taalay25,кеп эмнеде
0
taalay25
2018-12-21 11:19:29
nur0202,не кыласын бироонун жеке жашоосуна аралашып билсем дагы айткым келбейт айтбаймын дагы
0
Asyl10
2018-12-21 18:22:33
taalay25, айтып коё беееееееерчи ичти бышырбай, коншусу экенсин го, эмне? качан? каерде? эмне болгон эле? айтпасан анан эмне кулактарды тырмап койдун, тырмагандан кийин эми жарыл да,анда тырмабаш керек эле....
0
aishe
2018-12-20 21:12:54
Элестетиниз ажырашканына 4 жыл болуптур. Балким бир эки жыл куткондур бирок бул кыз да жаны жашоо башташ керек го. Ошондуктан жигити бар экенине тан калбаныздар
+6
Tortkul2017
2018-12-20 22:09:00
aishe,оа ага деле жашоо керек да.
+3
taalay25
2018-12-21 08:39:01
Бомба бомба деп ырдаган кызбы? Ар бир адам бактылуу болгонго толук акысы бар, бакытын таап бактылуу бол
0
Ruslan4458
2018-12-21 09:46:54
Биздин ырчылар секси болуп кеткен этият болгула суйку болуп ойноп журуп суйку болуп кетпегиле
+2
Asyl10
2018-12-21 18:12:03
Аябай тыртайып арык болчу биринчи чыкканда, семирген жарашыптыр,сонун болуп калыптыр, коп деле ырын билбейм,бирок бир-эки ырынын клибинен коруп ии аппарык соок экен деп ойлоп койгом, семиргенден берки клиптерин коро элекмин, коп деле чыга бербейт го ТВлардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан