Алып баруучу Айзада Жамгырчиева: "Ырчылыкка олуттуу кириштим. "Ставкам" 200 доллардан башталды"

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева өзүн ырчылык жаатта да сынап баштады. Жакында эле алып баруучу кыз өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына тойдо ырдаган видеосун жүктөгөн. Анын баракчасына жазылган колдонуучулар аткаруусун талкууга алышууда.

Айрымдар "Айзада ырчылыкка жеңди түрө киришти" дешсе, айрымдары "жөн эле койбоптур" деген сыяктуу билдирүүлөрүн жазышууда. Ал эми жогорудагы айтылган сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн алып баруучунун өзүнө байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтып берди:

"Мындан 5 жыл мурун ырчы Назира Токоновадан вокал боюнча сабак алгам. Диплому жок ырчымын десем туура болот. 1 жарым ай окугам. Негизи жан дүйнөм ырга жакын. Ырдаган да, алып барган да абдан жагат. Бирок агам ырчылыкка жана журналистика тармагында иштөөмө каршы болчу. Журналистика факультетине өз күчүм менен өтүп кетип, окуп калгам. Жакшы көргөн нерсең ичиңде кала берет тура. Андыктан, арман болуп калбасын деп ырдап чыктым.

Андан сырткары "эл эмне дейт?" деген сөздөн корундум. Мен профессионал ырчылардын тамагын талашпайм, буюрса, менин ырларымды деле уккан угармандарым болот. Мындан ары ырчылыкты калтырбай, улантайын деген оюм бар. Буга чейин 2 тойдо ырдадым. "Ставкамды" 200 доллар менен баштадым. Чынын айтсам, "эл эмне дейт?" деген сөзгө көп маани берип, оорукананын неврология бөлүмүндө дарыланып чыктым. Азыр болсо, жакса уксун, жакпаса, укпай эле койсун деп ырдап чыктым. Бул жерде мен көп акча табайын деген жокмун, болгону апам менен атамдын кыялын орундаттым", - дейт Жамгырчиева.

Айзада Жамгырчиева ырдай баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Adi010891
2018-12-20 19:49:14
Жоооон эле койбопсунда Айзада
+4
titanik32
2018-12-20 20:06:36
Азыркы ырчылар той дана акча жиндиси эле болуп калды.Качандыр бир жакшы ырларды берилип ырахаттанып уга турган чыгарма жаратасыңарбы силер?Эптеп эле чала була бир нерсени жаздыра коюп той ыры кылып аласыңар.Тойдон эмес сахнадан көргүм келет ырчыларды.Ресторандан элдин жүрөгү ьүшүп калды күн алыс тойго бара берип,ал нерсеге силер да кошул ташыл болуп.
+6
Skarlett-Skarlett
2018-12-20 20:13:46
titanik32,туура айтасыз.
+3
Skarlett-Skarlett
2018-12-20 20:13:11
Бизнес.Таланты жок,обу жок ырчылар кобойду.Эхх,заманааа,кайда кетип баратасын?!
+5
Sicilya
2018-12-20 20:54:46
Дагы бироо кошулуптурда Анжелика Асель Самаралардын катарына;)
+7
Gulnyr19
2018-12-20 20:58:49
Аллергия
0
Beka1986
2018-12-20 21:31:41
Ырдай бер,ийгилик каалайм.Мен куйормандык кылайынчы сага)))
-2
Aikaaaa
2018-12-20 21:34:29
Мен дагы ырдап чыксамбы
+2
Eldiyar85
2018-12-20 22:38:19
300 $ берип үйдө ырдатсам болобу сени. Сен жана мен башка эч ким.
+1
Nur777
2018-12-20 23:18:10
Кынылдаган Анжелика,чыйылдаган Самара,шыбыраган Асель деле журушот,так что welcom)))
+12
Dimonbek
2018-12-21 00:43:08
Эптеген ырдай берсин, жыргай берсин эмнеси жаман? Бут кыргыз эли ырчы болуп алса да болот, ыр менен шандуу жашаганга не жетсин. Бирок талантка да карап кой!)
+1
Dimonbek
2018-12-21 00:44:39
Баягы создорду уйкаштырып бат айтып журо берсен деле болмок экен бирок.
-1
ZMirbek.4455
2018-12-21 01:14:37
Кучунор, акылынар, акчанар жетсе силер деле ырдап чыккыла. Жамандатып эле койсо силерди.ушакчы катындар
+2
Asylai88
2018-12-21 01:26:15
Сен эле калдын эле эми
-1
fanatka19
2018-12-21 06:25:34
Коп акча табайын деген жокмун дейт анда эмнеге 200 доллар 100 доллардан баштасан болбойбу? Алып баруучусу деле актрисасы деле тамадасы деле ырчы эптеп акчага жаздырып алышса болду.
+1
Ruslan4458
2018-12-21 09:51:26
Ырчы бол бирок суйку болуп кетпе башка ырчыларга окшоп 5 Же 6 жол куйоого тийбей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан