Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мектеп окуучулары мушташып, 9-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-декабрда саат 14:45 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан телефон аркылуу өспүрүмдүн жансыз денеси алып келингенин билдиришкен.
"Кызыл-Кыя шаарынын У.Гулматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары 9-"В" классынын окуучуларын өз ара пикир-келишпестикти чечишүүгө чакырышкан. Ал жакка 9-класстын 15 чакты окуучу балдары барып, Э.М. аттуу 9-класстын окуучусун И.Б. жана А.А. аттуу 10-класстын окуучулары ур-токмокко алышкан. А.А. муштуму менен көкүрөк тарабына урган соң Э.М. жерге кулаган бойдон өзүнө келбей, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.
Дарыгерлер окуучу каза болуп калганын айтышкан. Учурда Кызыл-Кыя ШИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козгоп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, мектептин 3 окуучусу шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деди басма сөз кызматкери.