Замира Молдошева: "Ак илбирс" долбоорун колдогон "Мени сактап кал" аттуу коллекциямдан түшкөн каражатка сейил бак ачам"

Дизайнер Замира Молдошева "Ак илбирс" долбоорун колдоп "Мени сактап кал" аттуу коллекциясын чыгарган. Ал эми жогорудагы коллекциядан түшкөн каражатка сейил багын ачары маалым болду. Бул тууралуу дизайнер айым төмөндөгүлөрдү айтып берди.

"Өзүңүздөр билгендей, азыр ак илбирстердин саны кескин түрдө кыскарууда. Ошол себептен мен дагы четте калбай, өз салымымды "Мени сактап кал" аттуу коллекциям аркылуу көрсөткүм келди. Андан сырткары мындан түшкөн каражатка бакча ачуу максатым бар. Балким, ак илбирстин атынан коюлат. Аны убактысы келгенде көрө жатарбыз. Буюрса, жазында коомчулуктун көңүлүн буруп, мэрия дагы бул демилгени колдоп, жаңы конуштардын биринен жер тилкесин беришсе, көчөттөрдү отургузуп, эс алууга ыңгайлуу жайларды түзмөкпүз", - дейт дизайнер Молдошева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан