Ырчы Роза Шакирова жыл сайын өтүүчү "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" катышуучулардын арасында быйыл дагы тизмеде жок экендигин өзүнүн жеке баракчасына жазып чыккан. Бул маалыматты тактоо үчүн ырчыга байланышканыбызда, төмөндөгүлөрдү айтып берди:
"Быйыл дагы тизмеде жок экенимди уктум. Бул ирет да ырдабасам 4 жыл болот. Балким, былтыр акча төлөп ырдайбыз деп ачык айтып чыкканым үчүн жетекчилик тарабынан четтетилген чыгармын деп ойлогом. Бирок чоңдордун бул жерде тиешеси жок экен. Билишимче, мындай нерселер жетекчиликке жетпей эле чечилип калат экен. Азырынча толук маалыматым жок. Бирок эмнеге мен 4 жылдан бери бул концертке катышпай жатканымды билмейинче тынч албайм", - деген жообун узатты.
Эске салсак, Роза Шакирова 2016-жылы "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" ырдоо үчүн ырчылар Азиза, Айнура Салахидинова менен 18 миң сом төлөп катышкан.