Кара-Кулжа районунда кар көчкү түшүп, сарайдагы мал кырылып калды

Кара-Кулжа районунда кар көчкү мал сарайды басып калып, андагы мал кырылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда саат 09:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) кар көчкү түшкөн, жалпы көлөмү болжол менен 45 миң куб метрди түзгөн. Ошондой эле Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жайгашкан А.Үркүнбаевага таандык сарайга көлөмү болжол менен 700 куб метр кар көчкү түшүп 5 уй, 2 торпок, 2 жылкы жана 14 кой-эчкини басып калган.

"Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМнын 30 куткаруучу КамАЗ унаасы, 2 бульдозер жана 3 жүктөгүчү тартылган. Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан сарайдан 1 жылкы куткарылып, 5 уй, 2 торпок, 1 тай жана 2 койдун өлүктөрү чыгарылган. Ал эми калган 12 кой-эчкинин өлүктөрүн күн жылыганда өздөрү чыгарышарын билдиришкен. Ошондой эле аталган унаа жолу саат 19:30да бир тараптуу ачылган, ал эми жолду кеңейтүү иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2018-12-22 03:52:01
Олорго мал болсун алтын башыбыз аман болсо мал мулк табылат
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан