Кочкор районунда катталган жол кырсыгынан 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-декабрь күнү саат 08:54тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 190-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) орун алган. Анда Хово, Хонда СРВ жана Ауди 100 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (4 эркек,1 аял) ар кандай жеңил жаракаттарды алган. Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМнын куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, жабыркаган адамдарга медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.