Чүйдө милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Чүйдө ИИМдин алдындагы күзөт кызматынын кызматкери катышкан жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-декабрь күнү саат 23:30 чамасында Жайыл районундагы Степное айылында катталган.

"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай токтоп турган Ниссан Сефиро унаасын жана жанында турган унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсүн сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы жаран алган жаракатынан улам каза болуп, дагы бири денесинен жаракат алган. Ал эми териштирүү иштеринде Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу ИИМдин алдындагы мамлекеттик атайын күзөт кызматынын кызматкери экени аныкталган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирет мекеменин басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан